Кадамжайда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды

Кадамжайда чет өлкөнүн жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралу ИИМден билдиришти.

Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын үч тургуну 2023-жылдын июль айынан бери чет өлкөнүн жаранына пластик эшик терезелерди жасатуу үчүн акча берип, бирок ушул күнгө чейин акчасын же товарын ала албай жүргөндүктөрүн билдирип, милицияга арыз менен кайрылган. Жогорудагы арыздар Кадамжай РИИБге Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, жабырлануучуларга жалпысынан 104 миң сомдук зыян келгендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Кадамжай РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, чет өлкөнүн 26 жаштагы жараны Бүргөндү айылынан аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.