Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатат

Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 12-июль күнү Кадамжай районунун Кереге-Таш айылында болгон. 2012-жылы туулган бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. Бүгүн улантылат.