Кадамжайда жарандар таңга маал үйүндөгү баалуу буюмдарын уурдатып жүрүшкөн. Шектүү кармалды

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран бир топ жарандардын буюмдарын уурдаганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Кадамжай районунун Разъезд, Сухана, Сулайманабад айылдарындагы жана Кара-Дөбө айылында жашаган жарандардын үйүнө акыркы 1 ай ичиндеги аралыкта таңга маал кирип, жашоочулардын телефондорун жана баалуу буюмдары белгисиз жаран тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип милицияга 9 арыз түшкөн. Бул арыздар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери тарабынан 26-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын мурда бир нече жолу соттолгон 21 жаштагы жаран аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалган. Анын Кызыл-Кыя шаарындагы убактылуу иштеткен караоке жайынан далил буюм катары планшеттер, телефондор, жана кол сумкалар алынды. Кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.