Кадамжайда жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады

УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) алкагында козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Ааталган айыл аймактын токтомунун негизинде 581 Кыргыз жаранына 95 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда Айрыбазда жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилди. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз айыл аймагынын башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен.
Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат.