Кадамжайда жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен дубал алдында калган аял жан берди

Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа үйдү сүзүп, айдоочу менен кулаган дубалдын алдында калган аял каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, кечээ, 1-ноябрь күнү саат 15:20 чамасында Актурпак айылы аркылуу өткөн Миң-Чынар — Өтүкчү унаа жолунун 20-чакырымында 1987-жылы туулган Миң-Чынар айылынын тургуну оор жүк ташуучу Howo үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып рулга ээ боло албай калган. Ал жолдун оң тарабында жайгашкан Актурпак айылынын Мечит көчөсүндөгү үйдү сүзүп, үй ичиндеги 1966-жылы туулган аялды кулаган дубал басып калган. Кырсыктын кесепетинен оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон, дубал басып калган аял да көз жумган.