16-май күнү саат 11:20 чамасында Баткен облусунун Бирдик айыл аймагындагы Тескей айылынын Ууру-Сай жайлоосунда 2010-жылы туулган бала кой кайтарып жүрүп тоодон кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пресс-борборунан маалымдашты.
Окуяга болгон жерге тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, жабыркаган балага биринчи жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурдагы абалы орто.