Кадамжайда мас айдоочулар милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
27-июнь күнү кечки саат 19:30 чамасында Кадамжай шаарында ички иштер органдарынын эки кызматкери улук лейтенант У.Д. жана старшина М.А. өз милдетин аткарып жүргөндө жагымсыз окуяга туш болушкан.
Алар мас абалда унаа башкарып бара жаткан 34 жаштагы жаранды токтотушкан. Унаанын ичинде анын айылдаштары 37 жаштагы А.Ж. жана 30 жаштагы Б. уулу Р. да болгон.
Тескөөчүлөрдүн мыйзамдуу талаптарына карабастан, бул үч жаран орой мамиле жасап, каршылык көрсөтүшүп, кызматкерлерге кол көтөрүшкөн. Шектүүлөрдүн үчөө тең кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.