Кадамжайда мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен

Кадамжайда мектеп окуучусун айдоочу сүзүп кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

22-октябрь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков көчөсүндө ошол эле айылдын 23 жаштагы тургуну өзүнүн Honda Fit үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон сол жагынан чуркап чыккан 2015-жылы туулган баланы сүзүп кеткен.

Окуучу Кадамжай жалпы дарылоо практикалык борборуна ошол замат жеткирилген. Жогорудагы жол кырсыгы Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.