Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. 17 жаштагы шектүүнүн ата-энеси 2 күндөн бери президентти күтүп жатышат

2022-жылдын 4-сентябрында Кадамжайда 14 жаштагы окуучу өлтүрүлгөн. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынган абалда табылып, көз жумган. Ал эми дагы бирөөсү өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кылмыш болгон учурда 16 жашта болгон өспүрүмдү сот 10 жылга эркинен ажыраткан. 4-июлда Баткен облустук сотунда өспүрүм шектүүнүн жазасы каралмак. Соттук отурум 9-августка жылдырылып, андан соң дагы жылдырылып кеткен.

Бүгүн, 15-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине шектүү өспүрүмдүн жакындары анын ичинде ата-энеси президентке кайрылуу үчүн Кадамжайдан Бишкекке келип, Өкмөт үйүнүн алдында отурганы маалым болду. Өзүн шектүүнүн эжесимин деген аял бул жерде алар төшөнчүсү, тамак-ашы менен 2 күндөн бери жүргөнүн, түндү ары-бери басып таң атырып жатканын, алардын көздөгөнү президентке кайрылуу экенин айтат. «Биз бир гана адилеттүүлүктү талап кылабыз. Бул жерге келгенибизге 2 күн болду. Түнөп жатабыз. Президентке жолукмайын кетпейбиз, анткени биз акыйкаттык издеп келдик. Өспүрүм балага болгону чалуу келген. Чалууга жооп берип койгон. Ал учурда бала үйдө болгон. Далилдер бар. Бизди эртең президент кабыл алат деген ойдобуз. Асынып каза болгондордун бирөөсү жээни болгон. Инибизге ошол жээни чалган болуп жатат. 10 жыл берип жатканына каршыбыз, ошол үчүн президентке келдик», — деди ал.

Шектүүнүн ата-энеси дагы акыйкаттык керек экенин, президент кабыл аларына ишенерин айтышты.