Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. 2 шектүү СИЗОдо асынып, көз жумду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кадамжайда 14 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген 2 жаран Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-декабрда түндө болгон.

4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.  Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм.