Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Сот өмүр бою эркинен ажыратылган шектүүнүн жазасын күчүндө калтырды

Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын окуясы боюнча Баткен облустук сотунда 2 шектүүнүн жазасы каралып, өмүр бою эркинен ажыратылган шектүүнүн жазасын күчүндө калтырды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен облустук сотунан тастыкташты.

Ал эми өспүрүмдүн соттук отуруму 4-августка жылдырылган. Ал мурдагы инстанцияда 10 жылга соттолгон.