Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыз. Соттук отурум дагы жылдырылды

15-февралда депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын атасы төртүнчү шектүүгө сот өкүмү чыкпай жатканына нааразычылыгын билдиргенин айткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасы менен байланышканыбызда, үчүнчү шектүү, тактап айтканда, өспүрүм 10 жылга соттолгонун, ал эми төртүнчү шектүүнүн соттук отурумдары 7-8 жолу жылдырылганын айтып, нааразы болгон.

Бүгүн, 17-февралда соттук отурум болмок. Кыздын атасы менен байланышканыбызда, бүгүнкү соттук отурум да жылдырылганы маалым болду. «Бүгүн баягы келбей жаткан тергөөчү келди. Кийинки соттук отурум 28-февралда болот», — деди атасы.

  • 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.