Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын ата-энеси сотко нааразычылыгын билдирди

«Өткөн жылы сентябрь айында Кадамжай районунда кыз зордукталган, кылмышка шектелип 4 киши кармалган. Анын экөө абакта каза болду», — деди депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Ошол каза болгон кыздын атасы мага кайрылды. Ушул күнгө чейин сот боло элек экен. Атасы азыр өзү да ооруп, соттон сотко чуркап жүрөт. Ата-энеси суранып жатат, мыйзам чегинде карап, өкүм чыгарып  беришсин», — деди ал.

4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.