Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын атасы: «Өспүрүм 10 жылга эркинен ажыратылды. Дагы бир шектүүгө өкүм чыга элек»

Бүгүн, 15-февралда депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын атасы төртүнчү шектүүгө сот өкүмү чыкпай жатканына нааразычылыгын билдиргенин айткан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун атасы менен байланышканыбызда, үчүнчү шектүү, тактап айтканда, өспүрүм 10 жылга соттолгонун, ал эми төртүнчү шектүүнүн соттук отурумдары 7-8 жолу жылдырылганын айтып, нааразы болду. «Үчүнчү шектүү өспүрүм болгондуктан, аны 10 жылга эле соттоп коюшту. Ал эми дагы бирөөсүнө сот өкүмү чыкпай жатат. Тергөөчү которулуп кеткен экен, ошол келбей жатат. Шектүү кылмышты да мойнуна албай жатат», — деди атасы.

Редакция Баткен облустук сотуна кайрылганыбызда, өспүрүмдүн 10 жылга эркинен ажыратылганын тастыкташты. «Тергөөчү сотко келбей жатканына байланыштуу соттук отурум жылып кетип жатат. 17-февралда кезектеги отурум болот», — дешти.

  • 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу өлтүрүлгөн. Жансыз денесин мал кайтарып жүргөн киши тапкан. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Анын аты-жөнүн тактоо учурунда ал Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Кылмышка шектелип 4 жаран кармалган болчу. Алардын ичинен бирөөсү өспүрүм. 4-декабрда 2 шектүү Оштогу СИЗОдо асынып, көз жумганы маалым болгон.