Кадамжайда өлтүрүлгөн ата-бала. Үй-бүлө тууралуу айыл өкмөттөн эмне дешти?

Бүгүн, 19-октябрда Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 61 жана 29 жаштагы тургундарын белгисиз жарандар атып, 59 жаштагы аялды уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкенин билдиришти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Марказ айыл өкмөт башчысынын орун басары менен байланышканыбызда, үй-бүлө дыйканчылык менен алектенген жарандар болгонун айтышты. «Мен башка маалымат бере албайм», — деди ал.