Кадамжайда оор жүк ташуучу унаа айдоочусу менен коктуга түшүп кеткен

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кадамжай районундагы Раззаков-Интернационал-Максат унаа жолунун 50-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, унаа коктуга түшүп кеткен. Жерине Урал унаасы менен 3 куткаруучу, «Тазалык» ишканасынан экскаватор тартылып унааны сүйрөп, жолго чыгарып беришкен.