Кадамжайда Өзбек жараны 110 маасыны документсиз өткөрүүгө аракет кылды

«Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабанынан ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында бажы мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү айылындагы Баткен-Ош унаа жолунда Өзбекстан Республикасынын жаранынын башкаруусунда DAEWOO NEXIA үлгүсүндөгү унаага кароо жүргүзүүдө бажылык тариздөөнү тастыктаган тийиштүү документтерсиз, Өзбекстанда өндүрүлүгөн 110 жуп бут кийимдери табылган. Аталган жүктүн жалпы наркы 123 миң 500 сомду түздү.