Кадамжайда Портер унаасы менен жол кырсыгына кабылган окуучулар тууралуу министрлик маалымат берди

1-июнда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө таянып маалымат таратты.

Hyundai Porter автоунаасынын ичинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9 а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери болгон. Окуучулар мектепте класс жетекчилери менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүшкөн. Андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, Hyundai Porter автоунаасына 25 окуучу чыккан. Автоунааны 9“б”-класстын класс жетекчиси айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт. Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.