Кадамжайда кечээ сел жүрүп, бүгүн калыбына келтирүү иштери жасалууда

Кечээ, 15-июнь күнү Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан Кадамжай районунун Охна, Бел айылдарында сел өтүүчү сайынан сел жүргөн. Жаандын кесепетинен бетон шакекче менен курулган 7 көпүрөнүн кум шагылдары бузулуп, Кадамжай-Айдаркен авто жолундагы унаалар өтүүчү көпүрөнүн жээги, ички чарбалык жол жана сай жээктери бузулган. Ошондой эле Ирилеш айылында 5 турак жайдын огородуна жана 1 турак-жайдын жертөлөсүнө сел суулары кирген.

Калыбына келтирүү иштери боюнча бүгүн, 16-июнда жергиликтүү жашоочулардан 40 жаран жана техникалар тартылган.