Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кетишти

Кадамжайда түн ичинде ата-баланы өлтүрүп кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришти.

Кечээ, 18-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 61 жана 29 жаштагы тургундарын белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып, 59 жаштагы аялды уруп, денесине жараат келтирип, изин жашырып кетишкен.

Бул маалымат ошол эле түнү Кадамжай РИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, окуя болгон жерге Кадамжай РИИБдин начальниги ыкчам тергөө тобу менен чыгып төмөнкүлөрдү тактаган:

Жабырлануучулар эс алып жаткан учурда, алардын үйүнө белгисиз жарандар белгисиз куралдар менен кирип, 61 жаштагы кишини көкүрөк жана бетине атып, анын уулу 29 жаштагы жигитти башына атып, 59 жаштагы аялдын башына балта менен уруп, мал сарайын өрттөп, короодо токтоп турган Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаасын өрттөөгө аракет кылып окуя болгон жерден изин жашырышкан. Атылган октон жараат алган ата-бала окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми денесинен жараат алган аял Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Жогорудагы окуя Кадамжай РИИБге Кылмыш-Жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу түзүлүп иликтөө иштери жүрүп жатат.