Кадамжайдагы 14 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Төртүнчү шектүү кармалды

Кадамжайда жашы жете элек кызды өлтүрүүгө шектелген төртүнчү адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

8-сентябрда жашы жете элек кыздын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин алкагында суракка Кадамжай районунун жашы жете элек жашоочусу чакырылган. Ал мыйзамдуу өкүлүнүн жана социалдык педагогдун катышуусунда суракка алынган. Тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен суракка алынган жашы жете элек өспүрүм өзгөчө оор кылмыш ишин жасоого шектелип кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда. 9-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунун чечими менен кармалган өспүрүмгө карата эки айга камакка алуу бөгөт чарасы тандалды.