Кадамжайдагы чоң жол кырсыгы катталган жерге министр барды

Кечээ, 21-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Чечме айылындагы ири жол кырсыгы катталган аймакка келди. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Хово» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) үстүнө жүктөгүч жүктөп бара жатып, Чечме айылында жайгашкан «Чечме унаа жолу» өткөрүү бекетинде жол кырсыгына кабылган. Унаанын ичиндеги куткаруучулар катуу жааган жаандан жабыркаган Кадамжай районунун Бөжөй айылына сел каналдарын жана габион торчолорун орнотууга бара жаткан. Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинде ӨКМдин 2 кызматкери каза болду жана 7 адам жаракат алган.