Кадамжайдагы чоң жол кырсыгы. Оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган

Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда бүгүн, 21-майда саат 15:50 чамасында Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.
Ал жерге Баткен ОИИБнын жана Кадамжай РИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, каза болгон адамдардын санын жана алардын жарандыктарын, жол кырсыгына дуушар болгон автоунаалардын санын жана кырсыктын себептерин такташууда. Бул факты Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.