Кадамжайда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 7-декабрь күнү саат 19:45 чамасында Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү Ош–Раззаков унаа жолунда эки унаа сүзүшкөн.
Кызматкерлер кароо жүргүзгөн учурунда төмөнкүлөр аныкталган. Тико үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасын түндүктөн түштүккө карай башкарып бара жаткан учурда, карама-каршы тилкеге чыккан Форд-Пикап унаасы менен сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен Тико унаасынын жүргүнчүлөрү — 38 жаштагы жана 16 жаштагы жарандар окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми айдоочу оор жаракат алып, Тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, Форд-Пикап унаасынын 35 жаштагы айдоочусу Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөнүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.