Кадамжайдагы жол кырсыкта каза болгондордун саны 8 адамга жетти. Анын экөө ӨКМдин кызматкери

Кадамжайдагы жол кырсыкта 8 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 21-майда саат 16:00 чамасында Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматка ылайык, Чечме айылында жайгашкан “Чечме” өткөрүү бекетинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа (трал) жол кырсыгына кабылды.

Акыркы күндөрү катуу жааган жаандан Баткен облусунун Кадамжай районунун Бөжөй айылында үйлөрдү сел каптап, селдин кесепеттерин жоюуга Ош шаарынан чыгышкан бул автоунаада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери табигый кырсыктарды жоюу үчүн сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга бараткан”, — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкери каза болгон жана 7 адам жаракат алган.