Кадамжайдагы жол кырсыкта көз жумгандардын сөөгү жерге берилди

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылы Өзбек Республикасынын Сох районунун Чашма айылы менен чектешкен жердеги «Чечме» көзөмөл өткөрүү пунктундагы жол кырсыкта көз жумгандар жерге берилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кырсык 21-майда саат 16:00 чамасында катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айдоочусу Хово-Трал үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасынын чиркегичине Самсунг үлгүсүндөгү жол сүрүүчү трактор техникасын жүктөп алып, Бөжөй айылына жаратылыш кырсыгынан улам жабыркаган сел кесепеттерин жоюу максатында бара жатып, белгисиз себептерден автоунаанын ылдамдыгы төмөндөбөстөн айдоочу башкарууну жоготуп койгон. Жыйынтыгында өткөрүү пунктунун тосмолорун бузулуп, ошол жерде көзөмөл постто кезек күтүп турган унаалар жана адамдарды оор жүк ташуучу унаа сүзүп кеткен. Бул кырсыктан автоунаа жараксыз абалга келип, 8 киши каза болгон, алардын бирөөсү өзбекстандык.