Кадамжайдагы жол кырсыктан наристе да чарчап калганы маалым болду

Буга чейин Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымат беришип, кечээ, 7-январь күнү саат 20:00 чамасында Кадамжай району аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 131-чакырымында жол кырсыгы катталганын билдиришкен. 

Анда 1993-жылы туулган айдоочу Хундай Соната үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, каршы тилкеге чыгып, Фольсксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Кесепетинен Фольксваген-Гольф-3 үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара каткан Кадамжай районунун 1975-жылы туулган тургуну денесинен алган жараатынан улам Кадамжай райондук ооруканада каза болгон.

Ошондой эле 2024-жылы туулган наристенин чарчап калганы маалым болду. Бул маалыматты Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.