Кадамжайдагы кыш заводдо эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүү кармалды

Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кечээ, 18-декабрь күнү Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кыш чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Бул факты Кадамжай РИИБге катталып, Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 38 жаштагы чет өлкөнүн жараны аныкталып, Сузак районунан кармалды. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.