«Кадастр» 24 миллион сомдук жерди мыйзамсыз түрдө менчикке каттаган

Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Суу филиалынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, аталган районго караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылында жайланышкан, муниципалдык менчиктеги 24 миллион 592 миң сомго бааланган, аянты 0,18 гектар жер тилкесине эч кандай укук аныктоочу документтери жок туруп, жарандын жеке менчик укугун мыйзамсыз каттап, мамлекеттик акт берип жиберишкендиги тастыкталды. Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.