«Кадастр» ишканасынын Географиялык маалыматтык системалар башкармалыгынын башчысы кармалды

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.

Бул факты боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери, Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы, Нариман айыл аймагынын башчысы, коррупциялык топтун мүчөсү жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башчысы кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилген.