«Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалды

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын директору тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын август айында «Ош электр» ЖАК административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөрүп, жыйынтыгында 8 миллион сом арзан баада жеке адамга сатылган.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн аянттагы жер тилкесинин 1 чарчы метринин базар баасы 2,5 миллион сомдон жогору болгон. Ал имараттын жалпы аянты 600 м2 ашуун болуп, 16,65 жер тилкесинде жайгашкан.

Мындан тышкары, шектүү белгиленген тартипти бузуп жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны мыйзамсыз чыгарган, ал менчикке бербестен убактылуу пайдаланууну камсыз кылышы керек болчу.

5-апрелде кармалган жаран УКМК Ош шаардык жана Ош облустук тергөө камак жайына киргизилди. Учурда жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү башка коррупциялык факторлорду аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.