«Кадастрдын» жетекчисинин кармалышы боюнча Айыл чарба министрлиги үн катты

Кечээ, 26-июль күнү «Кадастр» ишканасынын жетекчиси Э. Сулайманбеков пара алууга шектелип кармалганын УКМК маалымдаган. Аталган окуя боюнча Айыл чарба министрлиги ички иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.

«Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жер ресурстары кызматына караштуу “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин директору Э.К.Сулайманбековдун жалпыга маалымдоо каражаттарындагы тартиптик жоруктары жөнүндө билдирүүлөрдүн негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүү максатында Айыл чарба министрлиги тарабынан жумушчу комиссия түзүлдү.

Комиссия «Кадастр» мамлекеттик мекемесиндеги аткезчилик тууралуу маалымат боюнча айыл чарба министринин орун басарынын жетекчилигинде ички иликтөө жүргүзөт», — деп жазылат маалыматта.