«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадыр Атамбаевге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу ал 23-майда билдирди.
Анын айтымында, эбак эле алынып салынышы керек болгон тыюу салуунун айынан Стамбулга уча алган эмес.
Бишкек ШИИБден билдиришкендей, Атамбаевге жана башка партиянын мүчөлөрүнө карата кылмыш иши алардын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Тергөөнүн алкагында Атамбаевге мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө чектөө түрүндөгү чара колдонулган.
«Бул чектөө алынган жок, ал эми Атамбаевдин адвокатынын чектөөнү алып салуу өтүнүчү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматына түшкөн эмес», — деп айтылат маалыматта.