«Каганат Resort» борборунун тең негиздөөчүсү, Көлбаевдин бизнес өнөктөшү кармалды

Азрет Боотаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал «Каганат Resort» эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана «Аврора Групп»
ЖЧКсынын ээси, башкача айтканда, Камчы Көлбаевдин бизнес өнөктөшү катары иш алып барат.

Азрет Боотаев 4-октябрда Камчы Көлбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шериктеш катары кылмыш ишинин алкагында кармалган.