Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери пара алып жатканда тартылган видео Интернетке тарады.
«Кадрда соодалашуу жүрүп жатканын көрүүгө болот. Инспектор 1000 сом сураса, айдоочу 500 сому гана бар экенин, айдын аягына чейин пайдалана турган акчасы экенин айтып жатты. Аягында инспектор 500 сомду алып, чөнтөгүнө салды»,- дейт видеонун автору.
Ал эми Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 12-февралда билдирген маалымат боюнча, бул видео мындан 2 ай мурда тартылган. Буга байланыштуу бир катар кызматкерлерге кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен бир кызматкер ички иштер органдарынан чыгарылды.
Бардык материалдар юридикадык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлүп, акча алган кайгуулчунун жанындагы шеригине дисциплинардык жаза берилген.