«Кайненесине да кылмыш иши козголду». Ошто эгиз кыздарын сабаган келин энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн

Прокуратура эгиз кыздарын сабаган энени энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз келтирди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, келин кармалган. Кылмыш иши боюнча эгиз кыздардын энесине карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) жана экинчи жолдошунун апасына (кайненеси) карата 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуу), 138-беренесинин (уруп-сабап кыйноо) негизинде айыптары угузулуп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилген.

«Прокуратура органы жашы жете элек эгиз кыздардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында жогоруда аталган жаранды энелик укуктарынан ажыратуу жөнүндө райондук сотко доо арыз келтирип, бүгүнкү күндө кароо алдында турат», — дешти.

Буга чейин социалдык тармактарда «заара ушатасың» деп эгиз балдарын аёосуз сабаган делген эненин видеосу тараган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден маалымат беришкен. Келиндин 21 жашта экени, анын камакка алынганы, ал эми кыздар атасына берилгени маалым болгон.

Келин Акыйкатчыга өзүнүн оор тагдырын айтып берген. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн. “Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, — деген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок 5 баласы менен ажырашып келген келинди атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон. Аял андан кийин башка жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калган, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.