Кайрат Примбердиевдин Ормон хан үчүн кечирим сурашы. Сот чечим чыгарды

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев социалдык тармактагы баракчасында казакстандыктардан Ормон хан үчүн кечирим сураганы боюнча иш аягына чыкканын билдирди.

«УКМК тарабынан бул иш каралып, 330-берене (эл аралык кастыкты козутуу) менен сотко өткөн. Сот бүгүн бүттү. Соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынды», — деди ал.