Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, ырчы Кайрат Примбердиевге карата «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 1985-жылы туулган П.К.Т. аттуу жаранга карата “Айран-YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды», — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамга ылайык, расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу боюнча аракеттер менен 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.