Кайсы учурда Райымбек Матраимов боюнча тергөө иши уланат? УКМКнын жообу

 Эгерде Райымбек Матраимовдун чет өлкөдөгү мүлкү табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери уланат. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун Р.Матраимовго карата чыгарган өкүмү боюнча эки тараптуу пикир жаралгандыгына байланыштуу тиешелүү структуралардын түшүндүрмөлөрүнөн тышкары УКМК да коомчулукка төмөнкү маалыматтарды жеткирүүнү зарыл деп эсептейт.

11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Р.Матраимовду коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, кыймылсыз мүлкүн камактан чыгарып жана тергөө менен кызматташкандыгы үчүн 5-категориядагы айып төлөөгө милдеттендирген. Ошол эле учурда соттун тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишиминде көрсөтүлбөгөн мүлктү конфискациялоого укугу жок.

Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары УКМК А.Саймаитинин айткандары тууралуу, ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгарылган делген 700 миллион доллардан ашык каражат боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Р.Матраимовдун чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлкү бар экендиги жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында бир нече жолу жарыялангандыгына байланыштуу, айтылган кыймылсыз мүлк Матраимовго таандык экендигин жана акча каражаттарды чыгарып кетүүгө А.Саймаитинин катыштыгы бар экендигин тактоо боюнча тергөө уланууда.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркия Республикасына, Бириккен Араб Эмираттарына, Украина Республикасына жана Россия Федерациясына юридикалык жардам көрсөтүү боюнча өтүнүчтөр жөнөтүлдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, Р.Матраимовдун чет өлкөдө мүлкү бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин, сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында тергөө амалдары уланып, Р.Матраимовдун мүлкү камакка алынып, анын аракеттерине юридикалык баа берилет»,— деп айтылат маалыматта.