«Кайын журтка болгон ызамды кыздардан чыгарчумун». Ошто эгиз кыздарын сабаган келин оор тагдырын айтып берди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева видеодо энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Социалдык тармактарда аял кичинекей кыздарды сабап жаткан учурда тартылган видео жарыялангандан кийин дароо эле Акыйкатчы институттун кызматкерлерине кыздардын укугун коргоону камсыздоону тапшырган. Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү сабалган кыздардын абалын билүү максатында Араван райондук ооруканага барышкан. Бирок өкүлчүлүк барган учурда кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткендиктен жолуга алган эмес.

Өкүлчүлүк экспертиза жүргүзгөн Араван райондук соттук-медициналык эксперттер менен жолугуп, алардын кыздардын абалы тууралуу маалымат алышты. Эксперттердин айтуусунда, кыздардын денесинде көптөгөн көгала шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешкен. Ошондой эле, өкүлчүлүк Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугушкан. Алар берген маалыматка таянсак, тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес. 2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин эгиз кыздардын ар бирине 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келген.

Мындан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып кыздарын сабап кармалган келинге жолугушту. Кылмышка шектүү окуя боюнча өз версиясын маалымдады. Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана анын апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ызаланган ал ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн. “Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, — деп айтып берген.

Ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес.18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок 5 баласы менен ажырашып келген келинди атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон. Аял андан кийин башка жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калган, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү кармалган келиндин айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүшкөн. Укук коргоо органдары берген маалыматтарга таянсак, кармалган аялдын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана анын карындашына экспертиза дайындалды. Акыйкатчы укук коргоо жана прокуратура органдарын кыздардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.