«Кайын журтунан төркүнүнө келген». Ошто жансыз денеси табылган 22 жаштагы келиндин жакындары эмне дешет?

Кечээ, 21-апрелде Ошто 22 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден окуянын чоо-жайын айтышты.

Маалыматка караганда, жансыз дене 20-апрелде Кара-Суу районунун Ынтымак айылында табылган. 20-апрелде саат 10:00 чамасында Кара-Суу районунун эгин талаасынан аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы боюнча милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабар түшкөн. Аталган окуя катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган. Анда окуя болгон жер Алай районунун Жаңы-Алай айылынын турак үйүнө жетекчилик менен биргеликте барып, маркумдун аты-жөнү такталып, ал Алай районун 2000-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Учурда эмне себептен каза болгондугун аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Маркумдун жакын туугандарынын айтуусу боюнча, ал 14-апрель күнү жолдошунун үйүнөн ата-энесинин үйүнө келген, келген учурда эч кандай көйгөйлөрүн айткан эмес. Денесинде эч кандай жарааты болгон эмес жана ошол эле күнү дайынсыз болуп жоголуп, кийин жансыз денеси табылган. Маркумдун дайынсыз жоголгондугу боюнча, жакын туугандары эч кимге арыз менен кайрылган эместигин билдиришти. Азыркы учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери уланууда.