«Калган бир туугандары чыкканга үлгүргөн». Сокулукта каза болгон баланын үй-бүлөсү жардамга муктаж

Чүйдө үй өрттөнүп, 8 жаштагы бала көз жумду. Бүгүн, 5-сентябрда Сокулук айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган бала каза тапты.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги үй-бүлө ижарага алып жашаган батирдин ээси менен байланышканыбызда, үй-бүлө жардамга муктаж экенин билдирди. «Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыгышы мүмкүн. Үй-бүлөнүн 6 баласы бар эле. Каза болгон 8 жаштагы бала үйдүн ортончу баласы. Өрт кире бериштен башталган. Ал эми 8 жаштагы бала үйдүн ичинде болгон. Калган бир туугандарды чыкканга жетишип калган. Учурда үйдөгү бардык нерсе өрттөнүп кеткен. Анын ичинде документтер жана кийим-кече, төшөнчү жана азык-түлүк. Азыр алардын жашаганга жери жок. Коңшулардын үйүндө турушат», — деди үйдүн ээси.