Кальян тамекисин мыйзамсыз сатуу боюнча сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы менен бажычы кармалды

Кальян тамекисин мыйзамсыз сатуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча УКМКдан маалымат беришти.

УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылган.

27-июлда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алып келинген 24 738 килограмм салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 миллион 706 миң 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлгөн. Бирок Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

18-октябрда жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 миллион 497 миң 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 31-октябрда “Бажы инфраструктурасы” ишканасынын Түштүк филиалынын кызматкери жана Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн башчысы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.