Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки кылмыш иши боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки кылмыш иши – бул Калыс-Ордодогу мектеп жана он түрк жаранына паспорт берүү боюнча баш коргоо чарасы жокко чыгарылган. Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев бир жылдан ашык убакыттан бери камакта. Жаңы Кылмыш-жаза кодекси боюнча буга жол берилбейт.
Алмазбек Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, анын ичинде 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык, коррупция, түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү жана 2020-жылдын октябрында массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылган.
Эртең экс-президентке байланыштуу соттук иш Жогорку Сотто каралганы жатат. Эгерде чечим адвокаттар тарабында болсо, анда Алмазбек Атамбаев бошотулушу мүмкүндүгү айтылууда.