Камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылыкты токтотту

Кечээ, 23-ноябрдан тарта Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго Гүлзат Мамытбекке барган. Сүйлөшүү учурунда СИЗОнун башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып жана документтеринин көчүрмөлөрүн көргөзгөн. Гүлзат Мамытбек Акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын В, С витаминдери менен глюкоза тамчылатып, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана бул боюнча СИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирген.

Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Анын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 25-ноябрга чейин камакка алынган. Мындан эки күн мурда анын ачкачылык жарыялаганы маалым болгон. Ал кыйноолорду алдын алуу борборуна 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганын айткан.