Камактагы Эрлан Бекчороев: «Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсебизди далилдеп бере албай жатышат»

Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган жарандык активист Эрлан Бекчороевдин бөгөт чарасы каралып жатат. 

«Тергөө 2 эле жолу болду. Тергөө иштеринде болгону «силер революция кылмак экенсиңер, эмне кылган аттыңар эле» деп жатат. Биз революцияны кылбайбыз дедик. Биз Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзгөндө, коркушту. Айтып жатышпайбы «комитет түзүп, элдин башын айлантышмак» деп. Мунун баары өзүлөрү тапкан жомок. Буга өзүлөрү ишенбейт. Эч ким муну далилдеп бере албайт. Бүгүнкү күнгө чейин эч нерсебизди далилдеп бере албай жатышат»,- деди ал.