Камактагы журналисттерге сот өкүмү чыгып, Болот Темировдун жубайы 6 жылга эркинен ажыратылды

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту “Айт Айт десе” жана “Темиров Live” долбоорунун камактагы журналисттерине карата өкүм чыгарды.

Журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы 6 жылга эркинен ажыратылды. Алардын уулу социалдык камсыздоого дайындалган. Журналист Азамат Ишенбеков 5 жылга, Айка Бейшекеева менен Актилек Капаровдун ар бири 3 жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Калгандары акталды.