Камчыбек Ташиевге каршы киллерлер жалдандыбы?

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин ɵчүн алуу үчүн Ɵзбекстандан атайын үч адам киши өлтүрүүгө чек араны бузуп Кыргызстандын аймагына ɵтүп келишкен. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Алар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн Ɵзбек жарандары:
Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997-жылы туулган;
Рустамов Азамат Шухратович, 1996-жылы туулган;

Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994-жылы туулган.

Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык, жогорудагы Ɵзбек жарандары мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин ɵчүн алуу үчүн керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен. УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте ыкчам иштеринин жыйынтыгында жогорудагы адам өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, кечээ, 13- октябрда Ɵзбекстан тарабына ɵткɵрүп берилди.