Камчы Көлбаев үчүн өч алууну көздөп, массалык башаламандыкка чакырууга шектүү кармалды

Массалык башаламандыкка чакыруу боюнча шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен, ошондой эле, 2022-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо) боюнча соттолгон «Огуз» каймана аты бар 1988-жылы туулган Кыргыз жараны кармалды. Кармалган жаран социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу Камчы Көлбаев үчүн өч алуу ниетинде массалык башаламандыкка чакырган постторду байма-бай жарыялаганы аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) менен кылмыш иши козголуп, Юстиция министрлигинин №21 мекемесине киргизилди.