ИИМдин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакын адамы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын сентябрь айынын башында Москва шаарынын аймагында биргелешип жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жаранын кармоо жүргүзүлдү. Кармалган жаран 1972-жылы туулган Б.У.К. криминалдык чөйрөдө “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
«Ал Камчы Көлбаевдин эң жакын жана ишенимдүү адамы болгон, анын жеке коопсуздугуна жооп берген. Бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары, “общак” кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү опузалоо менен тартып алчу. Жаран 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда. Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер. Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран Москвадан Бишкекке милиция кызматкерлери тарабынан алып келинди. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.